Террор менен күрөш уланууда
Улуттук коргоо министрлиги билдирүү жасады.
1941556
Сириянын түндүгүндөгү «Евфрат калканы» аймагында кол салууга даярданып жатканы аныкталган 3 террорист таасирсиз кылынды.
Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө: «Евфрат калканы аймагында кол салууга даярданып жатканы аныкталган 3 ПКК/ЙПГ террористи аймактагы элементтердин колдоосу менен таасирсиз кылынды»,- деп айтылды.
Ирактын түндүгүндө да «Чеңгел-кулпу операциясы» аймагында жикчил террордук уюм ПККга мүчө 2 террорист таасирсиз кылынды.
Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө: "Кар да, жамгыр да, бороон да, катаал талаа шарттары да бизди токтото албайт! «Чеңгел-кулпу» операциясы аймагында 2 ПКК террористи таасирсиз кылынды. Баатыр Түрк куралдуу күчтөрүбүз, торрор уюктарын жок кылууну чечкиндүүлүк менен улантат!" деп кабарланды.