Шентоп ТКТР жана Пакистандын делегациялары менен жолугушту

Ислам Кызматташтык Уюмунун Парламенттик Биримдиги  17-конференциясынын алкагында Алжирде болгон Шентоп, Төре менен жолугушуусунда Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Ислам Кызматташтык Уюмунун Парламенттик Биримдигинде байкоочу мүчө экенин айтты.

1939381
Шентоп ТКТР жана Пакистандын делегациялары менен жолугушту
durrani-sentop.jpg
tore-sentop.jpg

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (ТУУЖ) төрагасы Мустафа Шентоп, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Республикалык Ассамблеясынын төрагасы Зорлу Төре жана Пакистан Улуттук Парламентинин төрага орун басары Захид Экрем Дуррани менен жолугушту.

Ислам Кызматташтык Уюмунун Парламенттик Биримдиги  17-конференциясынын алкагында Алжирде болгон Шентоп, Төре менен жолугушуусунда Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Ислам Кызматташтык Уюмунун Парламенттик Биримдигинде байкоочу мүчө экенин айтты.

Шентоп, Түркиянын кожоюндугундагы эл аралык жолугушууларга Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Парламентинин төрагасын жана эл өкүлдөрүн чакырууга кам көргөндөрүн белгилеп, мындай жолугушуулардын Кипр маселесин түшүндүрүү мүмкүнчүлүгүн берүү жагынан маанилүү экенин баса белгиледи.

Төре: «ТКТР биздин улуттук мамлекетибиз. Эми андан баш тартуубуз мүмкүн эмес»,-деди.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын калкы үчүн Түркиянын чоң бир күч булагы экенин белгилеген Төре : «Биз Бириккен Улуттар Уюму менен Европа Биримдигинин ортосундагы дискриминацияны да билебиз, булар кабыл алынгыс нерселер, бирок Европада жана жалпы дүйнө боюнча биздин да аракеттерибиз уланат»,-деп өз баасын берди.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Шентоп андан кийин Пакистан Улуттук Парламентинин төрага орун басары Дуррани жана коштоосундагы делегацияны кабыл алды.

Быйыл Пакистан менен дипломатиялык карым-катнаштын 75 жылдыгына арналган иш-чаралар өткөрүлгөнүн билдирген Шентоп, Пакистан-Түркия карым-катнаштарынын оң өнүгүүсү менен катар Түркия-Азербайжан-Пакистан ортосундагы үч тараптуу механизмге да өзгөчө маани бергендерин айтты.

Дуррани болсо сел апаатынан кийин Түркиянын Пакистанга болгон жакындан алектенип жардам берүүсүнөн улам ыраазы болгонун билдирди.



Тектеш кабарлар