Чавушоглу АКШда

Вашингтондо кесиптеши Энтони Блинкен менен жолугушкан Чавушоглу андан соң түрк басма сөз өкүлдөрү менен маалымат жыйын өткөрдү.

1934779
Чавушоглу АКШда

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу: «Биз Америка Кошмо Штаттарын (АКШ) Греция менен мамилелерде кайрадан тең салмактуу болууга чакырабыз»,-деди.

Түркия-АКШ стратегиялык механизминин II. Министрлер жыйынынын алкагында АКШнын борбор шаары Вашингтондо кесиптеши Энтони Блинкен менен жолугушкан Чавушоглу андан соң түрк басма сөз өкүлдөрү менен маалымат жыйын өткөрдү.

«АКШ Греция менен болгон карым-катнашындагы тең салмактуулукту өз пайдасына бузду» деген тышкы иштер министри Чавушоглу, Грециянын куралсызданган аралдардын статусун эске албаганын жана АКШнын бул маселеге эч кандай каршылык көрсөтпөгөнүн айтты.

Чавушоглу Жер Ортолук деңизиндеги абалга байланыштуу буларды айтты: «Кипрдин Рум бөлүгү АКШдан курал-жарак сатып ала алат. Кимге каршы? Кипрдик түрктөргө каршы, Түркияга каршы. Анткени Рум бөлүгү арам акчаны адалдоо боюнча жакшыраак кызматташкан. Маселе акча болсо башкача сунуштар берилсе болот. Бул тең салмакты бузуу дегенди билдирет. Биз АКШны Греция менен болгон карым-катнаштарда кайрадан тең салмактуу болууга чакырабыз»,-деди.

Тышкы иштер министри Чавушоглу АКШнын Грецияга Ф-35 сатуусу тууралуу болсо: «Биз Греция сыяктуу тоскоолдук саясатын карманган өлкө эмеспиз, өзүбүзгө ишенебиз»,-деп айтты.

Чавушоглу бул темада АКШнын НАТОго мүчө эки өлкөнүн ортосунда дагы тең салмактуу болушу керектигин эске салгандарын баса белгиледи.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен да Мевлүт Чавушоглу менен жолугушуусунан кийин Твиттер баракчасынан билдирүү жасап, Түркия менен Украина, Сирия жана башка көптөгөн темалар боюнча координациянын улана турганын маалымдады.

Стратегиялык механизмдин алкагында Чавушоглу менен көптөгөн маанилүү темаларды сүйлөшкөндөрүн белгилеген Блинкен: «Орусиянын Украинага негизсиз кол салуусуна каршы НАТОнун жообун, Сирия жана башка көптөгөн маселелер боюнча координациянын улантылышын чыдамсыздык менен күтүп жатам»,-деди.

Блинкен өз бөлүшүүсүндө, жыйын учурунда тартылган фотосүрөттөргө да орун берди.



Тектеш кабарлар