Эрдоган Путин менен сүйлөштү

Сүйлөшүүдө Орусия-Украина согушундагы абал талкууланды.

1933472
Эрдоган  Путин менен сүйлөштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Коммуникация башкармалыгынын маалыматына караганда сүйлөшүүдө Орусия-Украина согушундагы абал талкууланды.

Дан коридору жана аммиак экспорту темалары да каралган сүйлөшүүдө, орус данынын Түркияда унга айланышы жана муктаж болгон Африка өлкөлөрүнө жөнөтүлүшү боюнча конкреттүү кадамдарга баа берилди. 

Президент Эрдоган сүйлөшүүдө, Орусия менен Украинанын ортосунда туруктуу тынчтыктын түзүлүүсү үчүн Түркия катары көмөктөшүү жана ортомчулук милдетти алууга даяр экендиктерин дагы бир жолу баса белгиледи.



Тектеш кабарлар