Чавушоглу: «АКШ Түркия менен Грециянын ортосундагы тең салмактуулукту бузбашы керек»

Чавушоглу Босния-Герцеговинанын Министрлер кеңешинин төрага орун басары жана тышкы иштер министри Бисера Туркович менен Тышкы иштер министрлигинде болгон жолугушуусунан кийин борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйынында cөз сүйлөдү.

1933309
Чавушоглу: «АКШ Түркия менен Грециянын ортосундагы тең салмактуулукту бузбашы керек»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Түркия менен Грециянын ортосундагы тең салмактуулукту бузуп баштаганын айтты.

Чавушоглу Босния-Герцеговинанын Министрлер кеңешинин төрага орун басары жана тышкы иштер министри Бисера Туркович менен Тышкы иштер министрлигинде болгон жолугушуусунан кийин борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйынында cөз сүйлөдү.

Стратегиялык механизмдер жолугушуусунун министрлер деңгээлиндеги экинчи жыйынын 18-январда Вашингтондо америкалык кесиптеши Энтони Блинкен менен өткөрө тургандарын билдирген Чавушоглу, Блинкен менен шаршемби күнү күн тартибине койгон маселелерди талкуулай турганын баса белгиледи.

Түркияга F-16 согуштук учактарынын берилишине байланыштуу аскердик сүйлөшүүлөрдүн аяктаганын баса белгилеген Чавушоглу, маселенин АКШ Конгрессинен оңой өтүшүн күткөндөрүн айтты.

Мевлүт Чавушоглу: «Бардык деңгээлде макулдашуулар түзүлдү, бирок шарттуу түрдө эч бир өлкөдөн товар алгыбыз келбейт, бул ойлорду мурда да айтып келгенбиз»,-деди.

Медиадагы «АКШ тарабынан Грецияга F-35 согуштук учактары берилет» деген кабарга токтолгон Чавушоглу: «Түркия менен Грециянын ортосундагы карым-катнаштарда тең салмактуулук бузула баштады. АКШнын тең салмактуулук саясаты бар болчу. Кипрдин түрк жана рум бөлүктөрүнүн ортосундагы тең салмактуулук бузула баштады. АКШ сыяктуу союздаш бул тең салмактуулуктарга көңүл бурушу керек»,-деп айтты.

Кимдин кайсы тарапка курал сатып жатканы аларды кызыктырбаганын баса белгилеген Тышкы иштер министри: «Биз үчүн күчүбүз, эмне кылып жатканыбыз, кызыкчылыктарыбыз үчүн кандай кадамдарга барарыбыз маанилүү. Биз үчүн ушул маанилүү»,-деди.



Тектеш кабарлар