Улуттук коргоо министрлиги «Чеңгел-Кулпу» операциясы аймагында басма сөз турун уюштурду

Түрк куралдуу күчтөрү (ТКК) тарабынан жарандардын тынчтыгын жана коопсуздугун камсыз кылуу, террористтердин чек арадан өтүшүнө жол бербөө максатында башталган «Чеңгел-Кулпу» операциясы уланууда.

1932782
Улуттук коргоо министрлиги «Чеңгел-Кулпу» операциясы аймагында басма сөз турун уюштурду

Ирактын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПККга карай 2022-жылдын 17-апрелинде башталган «Чеңгел-Кулпу» операциясында ушул убакка чейин 506 террорист жок кылынды.

Түрк куралдуу күчтөрү (ТКК) тарабынан жарандардын тынчтыгын жана коопсуздугун камсыз кылуу, террористтердин чек арадан өтүшүнө жол бербөө максатында башталган «Чеңгел-Кулпу» операциясы уланууда.

Операциянын алкагында ушул убакка чейин 506 террорист жок кылынды.

Террористтер тарабынан колдонулганы аныкталган 575 үңкүр, бункер жана баш калкалоочу жай жок кылынган операцияда 2002 мина/колго жасалган жардыруучу зат, 1182 курал жана 538 миң 413 ок-дары колго түшүрүлдү.

Улуттук Коргоо министрлиги Мехметчиктин (түрк аскери) татаал аба ырайы жана жер шартында жүргүзгөн операциясын көрсөтүү үчүн басма сөз турун уюштурду.

Басма сөз кызматкерлери Хаккари чек арасынын нөлдүк чекитинде болжол менен 2050 метр бийиктиктеги дөңсөөдөн террордук элементтерге жергиликтүү жана улуттук курал системалары менен сокку урулган учурларды байкашты.



Тектеш кабарлар