Акар украиналык кесиптеши менен сүйлөштү

Акар сүйлөшүүдө, Орусия менен согушта дагы көп адамдардын өлүмүнө жол бербөө жана аймакта тынчтык менен ырааттуулуктун кайрадан түзүлүүсү үчүн тез арада ок атышпоонун маанисине басым жасады.

1931508
Акар украиналык кесиптеши менен сүйлөштү

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Украинанын коргоо министри Алексей Резников менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, Акар сүйлөшүүдө Орусия менен согушта дагы көп адамдардын өлүмүнө жол бербөө жана аймакта тынчтык менен ырааттуулуктун кайрадан түзүлүүсү үчүн тез арада ок атышпоонун маанисине басым жасады.

Сүйлөшүүдө министр Акар Түркиянын, өзгөчө президент Режеп Таййип Эрдогандын аймактагы тынчтыктын жана бардык деңгээлдеги гуманитардык жардамдардын камсыздалышы үчүн өз милдетин аткарууну уланта турганын белгиледи.

Кара деңиз дан демилгеси документинин алкагында түзүлгөн Биргелешкен координациялык борбордун иштери менен Украина портторунан болжол менен 17 миллион тонна эгиндин коопсуз түрдө муктаж болгон өлкөлөргө жеткирилгенин билдирген Хулуси Акар, бул демилгенин үзгүлтүксүз уланышынын абдан маанилүү экенин да айтты.



Тектеш кабарлар