Антальяда Азия Парламенттик Ассамблеясынын 13-Башкы ассамблеясы башталды

«Эл аралык динамиканы өзгөртүүдө көп тараптуулукту илгерилетүү» темасы менен уюштурулган Башкы ассамблеяга АПАга мүчө 27 өлкөнүн парламенттик делегациялары катышты.

1929908
Антальяда Азия Парламенттик Ассамблеясынын 13-Башкы ассамблеясы башталды

 

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (ТУУЖ) жана АПАнын төрагасы Мустафа Шентоптун катышуусунда Антальяда Азия Парламенттик Ассамблеясынын 13-Башкы ассамблеясы башталды.

«Эл аралык динамиканы өзгөртүүдө көп тараптуулукту илгерилетүү» темасы менен уюштурулган Башкы ассамблеяга АПАга мүчө 27 өлкөнүн парламенттик делегациялары катышты.

Шентоп АПАнын баш катчысы Мохаммад Реза Мажиди жана делегация башчылары менен жалпы жыйындын биринчи күнүндө жолугушту.

Жыйынга Азербайжан Улуттук Мажлисинин Төрайымы Сахибе Гафарова менен катар Чыгыш Тимор, Иран, Сауд Арабия, Түркмөнстан жана Йемен парламенттеринин төрагалары катышат. Ирак, Палестина, Орусия, Иордания жана Оман делегацияларын парламенттин төрага орун басары жетектейт.

Жыйынга Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Парламентинин төрагасы Зорлу Төре жана делегациясы да атайын конок катары катышат.

Жалпы чогулушта Аткаруу кеңешинин жыйындарынан тышкары АПАнын туруктуу комиссияларынын жыйналыштары өткөрүлөт жана чечимдердин долбоорлору талкууланат.

Көптөгөн маанилүү темалар карала турган жалпы жыйын эртең Анталья декларациясынын кабыл алынышы менен аяктайт.



Тектеш кабарлар