Чавушоглу сириялык оппозициячылдар менен жолугушту

Бул тууралуу тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Твиттер баракчасынан маалымат берди.

1927531
Чавушоглу сириялык оппозициячылдар менен жолугушту

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Сирия оппозициячыл жана төңкөрүшчү күчтөр улуттук коалициясынын (СМДК) төрагасы Салим эл-Муслат, Сирия сүйлөшүү комиссиясынын төрагасы Бедир Жамус жана Сириянын Убактылуу өкмөтүнүн төрагасы Абдуррахман Мустафаны борбор шаар Анкарада кабыл алды.

Чавушоглу Твиттер баракчасынан билдирүүсүндө Тышкы иштер министрлигинде сириялык оппозиция лидерлери менен жолугушуусуна байланыштуу, "Сирия контекстиндеги акыркы абалдарды талкууладык. БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2254-резолюциясына ылайык Сирия оппозициясына жана элине колдообузду дагы бир жолу кайталадык»,-деди.

2015-жылы декабрда Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши (БУУКК) тарабынан бир добуштан кабыл алынган 2254-резолюцияда Сирия боюнча чукул ок атышпоонун камсыздалышы жана параллелдүү түрдө саясий сүйлөшүүлөрдүн башталышы; эки жылдын ичинде «Биримдик өкмөтүн» түзүүнү, андан кийин шайлоону талап кылат.



Тектеш кабарлар