Фахреттин Алтун Рена Нетжестин өлүм менен коркутулушуна каршылык көрсөттү

Йамур менен Эжриндин элесине даярдалган даректүү тасмада ПКК/ЙПГнын караңгы тарабы дүйнө коомчулугуна билдирилди.

1927189
Фахреттин Алтун  Рена Нетжестин өлүм менен коркутулушуна каршылык көрсөттү

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун TRT World тарабынан даярдалган «Жамгырдан кийин: Адилеттик издеген үй-бүлөлөр» даректүү тасмасында ПКК/ЙПГ жикчил террор уюмунун караңгы жактарын ачкан голландиялык изилдөөчү Рена Нетжестин өлүм менен коркутулушуна каршылык көрсөттү.  

Соцтармактан 13 -  ноябрда Стамбулдагы таксим аянтында болгон кол салууда шейит болгон Ямур жанаЭжрин тууралуу дүйнөгө түшүндүрүү үчүн даярдалган даректүү тасманы бөлүшкөн Алтун буларды айтты : «ПКК/ЙПГнын кол салуусунда  шейит болгон Йамур жана Эжрин кыздарыбызга арналган «Жамгырдан кийин: Адилеттик издеген үй-бүлөлөр» даректүү тасмасы террордук уюмдун кандуу жүзүн бүт дүйнөгө көрсөтүүдө. TRT World  даректүү тасмасында террордук уюмдун жийиркеничтүү кол салууларын баяндаган нидерландиядык изилдөөчү Рена Нетжестин чындыктарды  айтуусуна чыдабагандар аны да өлүм менен коркутушту. Бул силер коргоп жаткан террордук уюм».

Йамур менен Эжриндин элесине даярдалган даректүү тасмада ПКК/ЙПГнын караңгы тарабы дүйнө коомчулугуна билдирилди.

Даректүү тасмада 15 жашында шейит болгон Йамурдун атасы  кызына: «Ал канатсыз периште болчу, эми чындап периште болду» десе,  9 жаштагы Эжриндин апасы кызынын сүрөт тартууга болгон кызыгуусунан сөз кылды.

Нетжес даректүү тасмада Истиклал проспектисиндеги кол салуунун Сириянын түндүгүндөгү ЙПГ/ПЙД кол салууларына окшоштук көрсөткөндүгүнө басым жасоодо.

Даректүү тасманын көрсөтүлүшүнөн кийин Сириянын түндүгүндөгү террордук уюмдун эсептеринен өзүнө карата коркутуулардын күчөгөнүнө көңүл бурган Нетжес социалдык медиа эсебинен : «Эми коомчулукка билдирүү жасоонун убагы келди. Өлүм менен коркутуп жатышат жана ПЙД  пропагандасын ашкерелөөнүн коркунучун жашап жатам»,- деди.



Тектеш кабарлар