Эрдоган чек арадагы десанттарды жаңы жылы менен куттуктады

Министр Акар Диярбакырдагы жолугушууларынан кийин башкы штабдын төрагасы, армия генералы Яшар Гүлер жана Түрк куралдуу күчтөрүнүн командирлик эшелону менен Килиске барды.

1926147
Эрдоган чек арадагы десанттарды жаңы жылы менен куттуктады
erdogan tendurek jandarma yeni yil.jpg
hulusi akar.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган, улуттук коргоо министри Хулуси Акар менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө чек ара тилкесиндеги десанттарга кайрылды.

Министр Акар Диярбакырдагы жолугушууларынан кийин башкы штабдын төрагасы, армия генералы Яшар Гүлер жана Түрк куралдуу күчтөрүнүн командирлик эшелону менен бирге Килиске барды.

Сириянын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга каршы операциялардын багыты жана башкарылуусу болгон чек ара тилкесиндеги командирлик пунктуна келген Акар жана ТККнүн командирлик эшелону Мехметчик (түрк аскери) менен жолугушту.

Акар жана командирлер Мехметчик менен кербен кафетерияда жылдын акыркы кечки тамагын жешти. Президент Эрдоган улуттук коргоо министри Акар менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө чек ара тилкесиндеги десанттарга да кайрылды.

Сөзүн жылдын акыркы сааттарында Мехметчикке салам айтуу менен баштаган президент Эрдоган: «2023-жыл өлкөбүз, улутубуз үчүн бир топ жакшы келечектин жарчысы болоруна ишенем. Чек арадагы күрөшүңүздөр менен улутубуз, өлкөбүз тынч жана коопсуз болот. Баарыныздарды ушул маңыздуу түндө чын жүрөктөн чыккан сезимдер менен куттуктайм. Түнүбүз бактылуу, келечегибиз жаркын болсун. 2023-жыл өлкөбүздүн такыр башка позицияга жетүүсүнө себепчи болсун»,-деп айтты.

Президент Эрдоган телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Иран чек арасындагы Тендүрөк модулдук база аймагында кызмат өтөп жаткан жандармдарды жаңы жылы менен куттуктап: «Минус 17 градуста мындай күрөштү жүргүзүү  чындыгында ыймандын, ишеничтин натыйжасы»,-деди.



Тектеш кабарлар