Эрдоган 2023 - жылдын келиши менен куттуктап, 2022 жылга баа берди
Эрдоган 2022 - жылы экологияны тазалоо, таштандыларды жок кылуу жана шаарды трансформациялоодо чоң ийгиликке жетишилгендигин айтты.
Президент Режеп Таййип Эрдоган бүгүн бир гана жаңы жылды тосуп алуу менен эле калбастан ошол эле учурда Түркия Республикасынын жаңы кылымына кадам таштаган мезгилге киришерин белгиледи.
Президент Эрдоган соцтармактагы билдирүүсүндө 2023 - жыл менен куттуктап, 2022 - жылга баа берди.
Эрдоган 2022 - жылы экологияны тазалоо, таштандыларды жок кылуу жана шаарды трансформациялоодо чоң ийгиликке жетишилгендигин айтты.
Эрдоган республика тарыхындагы эң чоң социалдык турак жай кыймылын баштагандарын, биринчи этапта 5 миң 615 үйдүн пайдубалын түптөгөндөрүн, 45 миң апаат үйдү бүтүргөндөрүн айтты.
100 миң көчөт тиккендерин, 49 улуттук бакчаны бүтүрүп, пайдаланууга бергендерин баса белгилеген Эрдоган, жалпы улуттук бакча санын 152ге жеткиргендерин, 310 долбоордун курулуш иштеринин азыр да уланып жатканын белгиледи.
Эрдоган климаттык алмашууга каршы эмиссияны азайтуу максатын 2030 - жылга чейин 41 пайызга жогорулаткандарын айтты.
2022 - жылдын 11 айында 231 миллиард долларлык экспортту ишке ашырышкандарын баса белгилеген Эрдоган : "18 өлкө менен соодабызды жакшыртуу үчүн Алыскы өлкөлөр стратегиясын ишке ашырдык",- деди.
Президент :«Бүгүн биз жаңы жылды гана тоспостон республикабыздын жаңы кылымына кадам таштай турган мезгилге да кирип жатабыз»,- деди.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.