Чавушоглу: «Грециянын Эгей деңизиндеги аймактык сууларын бир миль да кеңейтүүсүнө уруксат бербейбиз»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн салттуу жыл жыйынтыгын баалоо жыйынында сөз сүйлөдү.

1925210
Чавушоглу: «Грециянын Эгей деңизиндеги аймактык сууларын бир миль да кеңейтүүсүнө уруксат бербейбиз»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Грециянын Эгей деңизиндеги аймактык сууларын бир миль да кеңейтүүсүнө уруксат бербей тургандарын айтты.

Министр Чавушоглу борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн салттуу жыл жыйынтыгын баалоо жыйынында Греция менен жыл башында диалог каналдарын иштетүүгө аракет кылгандарын, февраль айында 64-кеңешме жыйынын өткөрүшкөндөрүн айтты.

Чавушоглу бул диалогду Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакистин Түркияга каршы кампаниясы, Эгейдеги провокациялар, геноцид дооматтары жана Батыш Фракия түрктөрүнө жасалган кысымдардан улам токтоткондорун түшүндүрдү.

Акыркы күндөрдө Грециянын басма сөзүндө орун алган, өзгөчө Гирит аралынын айланасында аймактык сууларын 12 милге чейин көбөйтө турганы жөнүндөгү кабарларга токтолгон Чавушоглу: «12 эмес, Эгей деңизинде аймактык суусунун 1 миллге да кеңейишине жол бербейбиз. 1995-жылы парламентибиз кабыл алган чечим так жана дагы деле күчүндө. Биз Грецияны дагы бир жолу эскертебиз: Артыңда туруп алып көкүткөндөрдүн айткандарына таянып, жалган баатырдыкка умтулбагыла. Жаман окуяга барбагыла. Мунун аягы сиздер үчүн жакшы болбойт!»- деди.

Террор менен күрөшүүнүн Түркиянын күн тартибиндеги эң маанилүү маселелердин бири экенин белгилеген Чавушоглу, БУУ, АКШ, Орусия, Ирак жана Сириядагы режим менен сүйлөшүүлөрдүн уланып жатканын, Улуттук коргоо министри Хулуси Акар жана Улуттук чалгындоо уюмунун (MIT) төрагасы Хакан Фидан кечээ Москвада жолугушууларды өткөргөнүн айтты.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен да жолугуша турганын белгилеген Чавушоглу: «Аймактагы езиддер, ассириялыктар, күрттөр жана түркмөндөр менен сүйлөшүп жатабыз. Алардын баары тең «Бизди ПККдан куткар» деп жатышат»,-деди.

Франциянын борбор шаары Париждеги кол салуулар террористтер менен кол кармашып, аларды куралдантуунун чыгымы кандай болоорун дагы бир жолу көрсөткөнүн баса белгилеген Чавушоглу: «Биз ар дайым айтчубуз: «От менен ойносо, бир күнү өзүн өрттөп жиберет» деп. Биздин шериктештерибиз мындан сабак алып, терроризмге каршы күрөштө чын жүрөктөн аракет кылышат деп үмүттөнөбүз»,-деп айтты.

 



Тектеш кабарлар