Анка-3 жана Кызылелма грек басма сөзүндө...
Грецияда бул жолу Түркиянын Анка-3 учкучсуз учуучу аппараты (УУА) жана Кызылелма согуштук учкучсуз учак системасы күн тартибине чыкты.
Түрк коргонуу өнөр жайындагы жетишкендиктер Грецияда да жакындан байкалууда.
Грек басмасы түрк жооптуулары менен журналисттеринин коргонуу тармагындагы билдирүүлөрүн окурмандарына жеткирүүдө.
Грецияда бул жолу Түркиянын Анка-3 учкучсуз учуучу аппараты (УУА) жана Кызылелма согуштук учкучсуз учак системасы күн тартибине чыкты.
Kathimerini гезити реактив моторлуу согуштук учкучсуз учак системасы Кызылелманын биринчи сыноо учуусун кабарлаштырды.
Гезитте «Эл аралык деңгээлде таанылган Байрактар ТБ-2ден кийин, Байкар фирмасынын кол чатыры астында Кызылелма учкучсуз согуштук учагынын алгачкы сыноо учуусу ишке ашырылды»,-деп айтылат.
Кабарда Түркиянын жакында Анка-3 аттуу жаңы учкучсуз учуучу аппарат долбоорун ишке ашырганы да эске салынды.
Грек гезити Кызылелма жана Анка-3түн түрк авиациясы үчүн маанилүү этап катары көрүлгөнүн баса белгилеген.
Кабарда Αnka-3түн алгачкы сыноо учууларынын 2023-жылы жасалышы күтүлгөнү белгиленди.
Кабарда Түркиянын Анка бренди менен Анка-Б жана Анка-2 сыяктуу бир катар учкучсуз учуучу аппараттарды иштеп чыкканына да көңүл бурулду.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.
Террорго каршы күрөш уланууда
Улуттук коргоо министрлиги социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасады.