Түркияга 42 миллиондон ашуун турист келди

Маданият жана туризм министрлиги туризм статистикасын жарыялады.

1922912
Түркияга 42 миллиондон ашуун турист келди

Түркияга 2022-жылдын 11 айында 42 миллион 164 миң 954 чет элдик турист келди.

Маданият жана туризм министрлиги туризм статистикасын жарыялады.

Буга ылайык Түркия 2022-жылдын 11 айында 47 миллион 601 миң 580 туристти кабыл алды.

Маданият жана туризм министрлигинин 2022-жылдын январь-ноябрь айларынын маалыматына караганда, Түркияга өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 84,77 пайыздык өсүү менен 42 миллион 164 миң 954 чет элдик турист келди.

Ноябрь айында чет элдик зыяратчылардын саны өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 44,64 пайызга өсүп 2 миллион 551 миң 483кө жетти.

Эң көп турист жиберген өлкөлөрдүн рейтингинде Германия 5 миллион 481 миң 385 адам менен биринчи, Орусия 4 миллион 945 миң 198 адам менен экинчи, Бритаия 3 миллион 301 миң 112 адам менен үчүнчү орунду ээледи. Британиядан кийин Болгария жана Иран турат.

2022-жылдын ноябрь айында Түркияга эң көп турист жөнөткөн өлкөлөрдүн рейтингинде болсо Орусия 312 миң 486 киши менен биринчи, Болгария 232 миң 709 киши менен экинчи, Германия 207 миң 340 киши менен үчүнчү болду.



Тектеш кабарлар