Эрдоган террор менен күрөшүүдө чечкиндүү экендерин айтты

Президент Эрдоган борбор шаар Анкарада президенттик комплексте Битлис өзөнү жана туташтыруу жолдорунун ачылуу аземине түз эфир аркылуу катышты.

1922488
Эрдоган террор менен күрөшүүдө чечкиндүү экендерин  айтты

Президент Режеп Таййип Эрдоган террордук уюмдарды колдогон чөйрөлөргө каршылык көрсөтүп : «Кимдир бирөөлөр чек араларыбызга кол салып, террордук уюмдарды көкүтүп, эски күндөрдү жандандырууга аракет кылса да бул сценарий эми иштебейт»,- деди.

Президент Эрдоган борбор шаар Анкарада президенттик комплексте Битлис өзөнү жана туташтыруу жолдорунун ачылуу аземине түз эфир аркылуу катышты.

Эрдоган : «Террордун көлөкөсүн шаарыбыздан алыстатып, коопсуздукту жана тынчтыкты кандай орноткон болсок инфраструктуралык инвестициялар менен өнүгүү максаттарына болгон тоскоолдуктарды да жок кылабыз»,- деди.

Түркиянын күн тартиби сыяктуу  Битлистин күн тартибинин да өндүрүштү өнүктүрүү, гүлдөп өстүрүүнүн негизинде калыптанарын баса белгилеген Эрдоган : «Кимдир бирөөлөр чек араларыбызга кол салып, террордук уюмдарды көкүтүп, эски күндөрдү жандандырууга аракет кылса да бул сценарий эми иштебейт. Элибиз башынан өткөргөн жоготууларды жана кыйынчылыктарды эч качан унутпайт, террордун жактоочуларына уруксат бербейт»,- деди.

Эрдоган : «Өлкөбүзгө акыркы 20 жылда алып келген демократия жана өнүгүү инфраструктурасын чоң бурулуштардын башталгычына айландыруу үчүн Түркия кылымын баштайбыз»,-деди.

Президент : «Көптөгөн жылдар жасалма  чыр  - чатактар, кагылышуулар менен бул өлкөнүн убактысын жана энергиясын текке кетиргендерге каршы кызмат көрсөтүүнү жогорулатып жатабыз. Саясий, дипломатиялык жана коопсуздук жетишкендиктер менен бирге инвестиция, жумуш менен камсыз кылуу жана экспорт менен өстүргөн өлкөбүздү Түркия кылымы менен туу чокусуна алып чыгууда чечкиндүүбүз»,-деди.



Тектеш кабарлар