Түркиянын калкы 85 миллионго жакындады

2021-жылдагы эл каттоонун көрсөткүчтөрү жарыяланды.

1920934
Түркиянын калкы 85 миллионго жакындады

Түркиянын калкы 2021-жылы 85 миллионго жакындады.

Түркиянын статистикалык мекемеси, 2021-жылдагы эл каттоонун көрсөткүчтөрүн жарыялады.

Буга ылайык Түркиянын жалпы калкынын саны 84 миллион 680 миң 273 адамга жетти.

Түркияда эркектердин саны 42 миллион 428 миң 101, аялдардын саны 42 миллион 252 миң 172 болду.

2021-жылы төрөлгөн ымыркайларга коюлган ысымдардын арасында балдарда Юсуф, кыздарда Зейнеп биринчи орунда.

 



Тектеш кабарлар