Кызылелма АКШда көңүлдөрдү бура баштады

Түркиянын улуттук жана оригиналдуу түрдө иштелип чыккан биринчи учкучсуз аскердик учагы Байрактар ​​Кызылелма Америка Кошмо Штаттарында көңүлдөрдү бура баштады.

1919883
Кызылелма АКШда көңүлдөрдү бура баштады

Түркиянын улуттук жана оригиналдуу түрдө иштелип чыккан биринчи учкучсуз аскердик учагы Байрактар ​​Кызылелма Америка Кошмо Штаттарында көңүлдөрдү бура баштады.

АКШнын негизги журналдарынын бири болгон Newsweek Кызылелманын биринчи жолу учушун: «Украинанын учкучсуз учуучу аппараттар менен камсыздоочусу Байкар учкучсуз 'Суперсоник' аскердик учагын ийгиликтүү учурду» деген ат менен жарыялады.

Кызылелма долбоору Байрактар ТБ 2 менен салыштырылган кабарда : «Кызылелма Украинанын Россиянын чабуулун токтотуу үчүн колдонулган Байрактар ТБ 2 дрондоруна караганда алдыда сыяктуу көрүнүүдө»,- деп айтылды.

«Форбес» журналы да «Түркиянын 2023 - жылы алгачкы учууларын аткаруусун ойлогон аскердик аба унаалары» деген кабарында Байкар чыгарган Кызылелмага да токтолгон.

Кызылелма Түркиянын алгачкы реактив моторлуу учкучсуз аба унаасы катары мүнөздөлгөн кабарда : «Байкар өзгөчө агрессивдүү маневрдүүлүгүн жана радарга каршы жашыруундугу эске алынганда, эсепке алынуусу керек болгон күч болорун айтууда",- деп бидирилген.

Кабарда : «Кызылелма Кытайдын J-20 Mighty Dragon стелс истребителине окшош спутник - дельта конфигурациясына ээ болуу менен бирге  абадан абага ракеталарды ата алат. Бул да ага душмандын дрондорунан же тик учактарынан коргойт»,- деп баа берилди.

Британ кабар агенттиги Рейтерс болсо Байкардын абадан абага согушуу үчүн жаңы реактивдүү учкучсуз учуучу учак Кызылелманы учурганын окурмандары менен бөлүштү.

Кабарда : "Түркиянын реактивдүү кыймылдаткычы менен иштеген жаңы учкучсуз учуучу аппараты 5 - муундагы согуштук учактарга окшош тышкы өзгөчөлүктөргө ээ. Кызылелма абадан абага согуша алат",- деп билдирилди.

 



Тектеш кабарлар