Түркия жана Ливия Грецияга чакырык салды

Түркиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Феридун Синирлиоглу менен Ливиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Тахер Эл-Сонни Грецияга биргелешкен кат менен жооп берди.

1918846
Түркия жана Ливия Грецияга чакырык салды

Түркия менен Ливия, көмүр суутек жана деңиз юрисдикциясынын аймактарын делимитациялоо келишимдерине нааразылыгын Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) билдирген Грецияны «эки кошуна өлкөнүн эгемендүү чечимдерин урматтоого» чакырды.

Түркиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Феридун Синирлиоглу менен Ливиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Тахер Эл-Сонни Грецияга биргелешкен кат менен жооп берди.

БУУнун баш катчысына жөнөтүлгөн катта Грециянын «негизсиз айыптоолор жана дооматтар» менен Ливия өкмөтүнүн мыйзамдуулугун «бузууга» аракет кылганы баса белгиленди.

Катта Ливиянын улуттук биримдик өкмөтү Грециянын айтымдарынын тескерисинче эл аралык келишимдерди түзүүгө жана токтотууга ыйгарым укуктарга ээ экени, анын мыйзамдары өкмөткө башка мамлекеттер менен келишим түзүүгө укук бергени белгиленген.

Катта Грециянын, Ливия жана Түркиянын көмүр суутектери жаатында кол койгон келишими БУУнун көзөмөлүндөгү саясий процесске карама-каршы келет деген дооматтардын эч кандай мыйзамдуу негизи жок экени, тескерисинче Ливияда саясий чечимге алып баруучу жол картасынын өкмөткө шайлоо менен жыйынтыктала турган даярдык процессинде толук ыйгарым укук берилгени белгиленип, бул процесстин дагы эле бүтө электиги үчүн ички жана тышкы бийлик Ливиянын Улуттук биримдик өкмөтүнө таандык экени баса белгиленди.

Катта Түркия менен Ливиянын ортосунда 2019-жылдын 27-ноябрында кол коюлган деңиздик юрисдикция аймактарын делимитациялоо келишиминин БУУнун Конвенциясынын 102-беренесине ылайык жазылганы жана эл аралык укукка негизделген адилеттүү чечимге жетишкени белгиленген. Грециянын аталган келишимдин анын суверендүү укуктарын бузгандыгы жөнүндөгү дооматтары кабыл алынбай турганын белгилеген.

Катта Грециянын аймактагы деңиздик юрисдикция аймактарындагы экспансионисттик дооматтары менен Түркия жана Ливиянын эгемендик укуктарын көрмөксөнгө салгандыгы жана деңиз мыйзамдарын жана эл аралык укукту каалагандай чечмелегени белгиленип, Грециянын деңиз юрисдикция аймактарын делимитациялоодо тең укуктуулук принципти көрмөксөнгө салганы белгиленди.

Түркия менен Ливиянын ортосунда көмүр суутек жана деңиз юрисдикцияларынын чек арасын аныктоо боюнча кол коюлган келишимдердин эл аралык укукка да, Грециянын эгемендик укуктарына да каршы келбегени белгиленген катта Ливиянын жана Түркиянын Жер Ортолук деңизинде диалогду өнүктүрүү аракетин Грециянын БУУда «дискредитациялоого» аракет кылганына көңүл бурулду.

Түркия менен Ливия Грецияны «негизсиз айыптоолорун, кастык риторикасын жана чыңалууну күчөткөн аракеттерин токтотууга жана эки коңшу өлкөнүн эгемендүү чечимдерин урматтоого» чакырды.



Тектеш кабарлар