Түркия террористтердин Сирия жана Иракка баш калкалоосуна уруксат бербейт

Чавушоглу Министрликтин 2023-жылкы бюджетине байланыштуу сөз сүйлөөсүндө билдирүү жасады.

1918241
Түркия террористтердин Сирия жана Иракка баш калкалоосуна уруксат бербейт

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу жикчил террордук уюм ПКК/ПЙД/ЙПГнын Сирия жана Иракка баш калкалоосуна уруксат бербей тургандарын баса белгиледи.

Чавушоглу Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Жалпы кеңешинде Министрликтин 2023-жылкы бюджетине байланыштуу сөз сүйлөөсүндө, Түркияны да камтыган аймакта туруксуздук, кагылышуу жана террордун эч качан токтобогонун, душмандардын Түркиянын бир гана террор, кагылышуу менен күрөшүүсүн жана бүт күчүн буга жумшоосун каалаганын айтты.

Чавушоглу Түркиянын бул оюнга баш ийбегенин, бир гана террор менен күрөшүүдө эмес, бир топ глобалдык темада да эл аралык коомчулукка лидерлик кылганын, Түркия өнүккөн сайын терроризмди азыктандырган чөйрөлөрдүн да аракеттерин арттырганын түшүндүрдү.

ПКК/ПЙД/ЙПГнын Сирия жана Иракка баш калкалоосуна уруксат бербей тургандарын баса белгилеген Чавушоглу: «Бул тууралуу ким эмне дебесин, биз керектүү нерсени кылабыз», - деди.

Ар дайым маселелердин диалог менен чечилишин каалашкандарын билдирген Чавушоглу, мунун бир гана өздөрүнөн көз каранды нерсе эмес экенин, маектештеринин буга даяр болушу жана бул үчүн аймактык, глобалдык шарттардын ылайыктуу болушу керектигин баса белгиледи.

Чавушоглу Сирияда көптөн бери чалгындоо кызматтары аркылуу режим менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөндөрүн маалымдап: «Эгер режим чынчыл мамиле жасаса биз терроризмге каршы күрөш, саясий процесс жана сириялыктардын кайтып келиши боюнча биргелешип иштөөгө даярбыз. Ансыз деле мунун тескерисин элестетүү мүмкүн эмес. Иракта да ушундай саясатты жүргүзүп жатабыз. Маектештерибиз биздин чакырыктарга кулак салса чогуу жүрүш жасайбыз, терроризмге каршы чогуу күрөшөбүз. Эгер алар жооп бербесе, өз кадамыбызды өзүбүз таштайбыз», деп сереп салды.



Тектеш кабарлар