Чавушоглу Түркия менен Алжирдин Палестина темасында бир сапта экенин айтты

Чавушоглу Алжирде президент Абдулмежид Теббун менен жолугушуусунан кийин басма сөзгө маалымат берди.

1917437
Чавушоглу Түркия менен Алжирдин Палестина темасында бир сапта экенин айтты

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркия менен Алжирдин Палестина темасында бир сапта экенин айтты.

Чавушоглу Алжирде президент Абдулмежид Теббун менен жолугушуусунан кийин басма сөзгө маалымат берди.

Чавушоглу, Араб лигасынын саммитин ийгиликтүү өткөргөн Алжирди куттуктап: «Палестина аралык диалогго кошкон салымы үчүн аларды куттуктап, ыраазычылык билдирдик, Палестина боюнча Алжир менен бир катардабыз»,-деди.

Чавушоглу эки өлкөнүн президенттеринин жетекчилигинде алжирдик кесиптеши Рамтан Ламамра менен ар тармакта карым-катнаштарды жакшыртуу үчүн чоң аракет кылгандарын баса белгилеп: «Бүгүн президент Теббунга кечээ өткөргөн 1-Биргелешкен пландоо тобунун жыйналышында сүйлөшкөн маселелер боюнча маалымат бердик. Ошондой эле жасай турган кадамдар жана жасай турган иштер тууралуу маалымат бердик»,-деди.

Теббундун президент Режеп Таййип Эрдоганды Алжирге чакыруу катын алганын айткан Чавушоглу: «Президент Теббундун аймактык маселелерге, өзгөчө Ливияга байланыштуу көз караштарын, баалоолорун жана көрсөтмөлөрүн алуу бизди абдан кубандырды»,-деди.

Түркиянын Алжирдин аймактык тынчтык жана ырааттуулук үчүн ойногон ролун жогору баалаганына көңүл бурган тышкы иштер министри: «Биз бардык бул багыттар боюнча кызматташуубузду мындан ары да бекемдөөгө чечкиндүүбүз»,-деп өз баасын берди.



Тектеш кабарлар