Түркия Россиядан ПКК/ЙПГ тууралуу күтүүсүн кайталады

Түркия Россия менен болгон саясий кеңешмелеринде жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГ боюнча кол коюлган меморандумдун жоболорунун аткарылышын күткөндүгүн кайталады.

1917192
Түркия Россиядан ПКК/ЙПГ тууралуу күтүүсүн кайталады

Түркия Россия менен болгон саясий кеңешмелеринде жикчил ПКК/ЙПГ террордук уюм боюнча кол коюлган меморандумдун жоболорунун аткарылышын күткөндүгүн кайталады.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Түркия менен Россиянын ортосундагы саясий кеңешмелердин 2022 - жылдын 8 - 9 - декабрында Стамбулда тышкы иштер министринин орун басары элчи Седат Өнал менен Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Вершинин баштаган делегациялардын ортосунда өткөрүлгөнү белгиленди.

Жазуу түрүндөгү билдирүүдө : "Кеңешмелерде  эки тараптуу мамилелерден тышкары Бириккен Улуттар Уюмунун  реформасы, Стамбул дан келишиминин аткарылышы, Украина, Сириядагы кырдаал жана чек ара тышындагы гуманитардык жардам боюнча БУУнун механизми, Ливия, Жакынкы Чыгыш жана Чыгыш Жер Ортолук деңизи темалары талкууланды",- деп билдирилди.

Билдирүүдө өзгөчө булар белгиленди : "Сириянын жеринин бүтүндүгүнө гана эмес, улуттук коопсуздугубузга да карата коркунуч туудурган ПКК/ЙПГ/ПЙД террордук уюму менен күрөшүүдө чечкиндүүлүгүбүздү кайталадык. Ушунун негизинде 2019 -  жылы октябрь айында Россия менен кол коюлган меморандум келишиминин милдеттеринин аткарылышын күтүп жаткандыгыбыз билдирилди.Сирияга карата БУУнун чек ара тышы жардам механизминин узартылышынын өлкөдө 4 милллиондон ашуун  адамга чукул түрдө гуманитардык жардамдын жеткирилиши жактан маанилүү роль ойногондугу белгиленди".



Тектеш кабарлар