Түркия дарак отургузуу боюнча Европада биринчи орунда

Айыл чарба жана токой чарба министри Вахит Киришчи Түркия Улуу Улуттук Парламентинин жалпы жыйынында бюджет сүйлөшүүлөрүндө сөз сүйлөдү.

1917225
Түркия дарак отургузуу боюнча Европада биринчи орунда

Түркиянын эң көп токой өстүргөн өлкөлөр арасында Европада биринчи, дүйнөдө төртүнчү орунда экендиги билдирилди.

Айыл чарба жана токой чарба министри Вахит Киришчи Түркия Улуу Улуттук Парламентинин жалпы жыйынында бюджет сүйлөшүүлөрүндө сөз сүйлөдү.

Түркиянын токойлорун өрт жана акылдуу аппараттар менен мыйзамсыз кийлигишүүлөрдөн коргогондорун баса белгилеген Киришчи : «Токой өрттөрү менен күрөшүүдө өлкөбүздүн сыймыгы болгон учкучсуз учуучу аппараттарыбызды Европада колдонгон биринчи жана жалгыз өлкөбүз»,-деди.

Өрттөнгөн  жерлерге дарак отургузуу менен кайрадан токойго айландыргандарын, Түркия кылымынын айыл  - чарба жана токой чарбачылыгынын кылымы болоорун айткан Киришчи : «Ушул кезге чейин аткарган иштерибиз менен өзгөчө калктын санынын көбөйүшүн, жыргалчылыгыбыздын өнүгүшүн, экспорттун көбөйүшүн, жаштарыбызды жана аялдарыбызды айыл чарба тармагында жумуш менен камсыз кылууну биринчи орунга коюу түшүнүгү менен биологиялык түрдүүлүктү да коргоо менен айыл  чарбадагы көз карашыбызды ортого салуудабыз»,- деди.

Түркияда токой байлыктарын көбөйтүшкөнүн белгилеген Киришчи Түркиянын эң көп токой өстүргөн өлкөлөрдүн арасында Европада биринчи, дүйнөдө төртүнчү орунда экенин баса белгиледи.

Киришчи Түркиянын суу продукциялары жана ички сууларда балык уулоодо Европада биринчи орунда экенин айтты.

Киришчи Түркиянын мал чарбачылыгында да чоң ийгиликтерге жетишкенин белгилеп : «9,9 миллион бодо мал санын 81 пайызга өстүрүп 17,9 миллионго, жандыктарды 32 миллиондон 83 пайыздык өсүү менен 58,5 миллионго жеткирип Европада биринчи орунга чыктык»,- деди.

 

 



Тектеш кабарлар