Түркия менен ТКТРнын биргелешкен издөө-куткаруу машыгуусу

Апаат жана чукул кырдаалдарды башкаруу төрагалыгы (AFAD) менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Жарандык коргонуу уюму биргелешкен издөө-куткаруу машыгуусун өткөрдү.

1916597
Түркия менен ТКТРнын биргелешкен издөө-куткаруу машыгуусу

Апаат жана чукул кырдаалдарды башкаруу төрагалыгы (AFAD) менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Жарандык коргонуу уюму биргелешкен издөө-куткаруу машыгуусун өткөрдү.

Түркия жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынан 250дөн ашуун кызматкер, 1 аскердик тик учак жана 100дөн ашуун унаанын катышуусунда жүргүзүлгөн машыгууда жер титирөө, өрт, жол кырсыгы, аскадан түшө албай калуу,  талаада адашып калуу жана кудук кырсыктары сыяктуу 15 башка сценарий аркылуу шаардык издөө-куткаруу иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле куткаруу, жабыркагандарды урандылардын алдынан чыгаруу, жабыркагандарды тик учак менен эвакуациялоо жана өрткө каршы күрөшүү иш-чаралары өткөрүлдү.

Өзгөчө борбор Никосияда 4 райондо өткөрүлгөн машыгуу менен эки өлкөнүн командаларынын координацияланышы жана тажрыйба алмашуусу, ошондой эле Түндүк Кипр Түрк Республикасында мүмкүн болгон апаат учурунда керек болгон эл аралык колдоо, өлкөгө келгенден баштап кеткенге дейре процесске баа берилди.

AFAD апаатка жооп берүү башкы директору Исмаил Палакоглу Түркия менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын апаат аймагында жайгашканын, ошондуктан эки өлкөнүн тең апааттарга даяр болушу керектигин айтты.

Машыгуунун Левкошада болгон 7,7 баллдык жер титирөө сценарийи жана Түркиядан жардам суроо менен башталганын айткан Палакоглу, машыгуунун эки өлкөнүн командаларынын координациялуу иштешине, кызматташтыктын өнүктүрүлүшүнө, билим тажрыйба бөлүштүрүлүшүнө жана кемчиликтердин жоюлушуна салым кошконун белгиледи.



Тектеш кабарлар