Түркия АКШдан конкреттүү кадамдарды күтөт

Акар борбор шаар Анкарага расмий сапар менен келген Финляндиянын коргоо министри Антти Кайкконен менен жолугушту.

1916570
Түркия АКШдан конкреттүү кадамдарды күтөт

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Түркияга F-16 сатуусу темасында Америка Кошмо Штаттарынан (АКШ) оң жана конкреттүү кадамдарды күтүшкөндөрүн айтты.

Акар борбор шаар Анкарага расмий сапар менен келген Финляндиянын коргоо министри Антти Кайкконен менен жолугушту.

Улуттук Коргоо министрлигинде жекеме-жеке жана делегациялар аралык жолугушуулардан кийин эки министр биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүштү.

Хулуси Акар, АКШда Түркияга F-16 сатууну чектеген беренелердин коргонуу бюджетинин акыркы текстинен алынып салынышына байланыштуу бир журналисттин суроосу боюнча, 40 даана F-16 учагынын сатып алынышы жана Аба күчтөрү командирлигине таандык 79 учактын жаңыланышы үчүн иш-аракеттердин уланып жатканын билдирди.  

Бул иштерди позитивдүү жана тез жыйынтыктоо үчүн аракет кылып жаткандарын айткан министр Акар: «АКШлык кесиптештерибиздин тема боюнча оң мамилесин башынан эле көрдүк. Ушул позитивдүү мамилелерге жараша биз азыр АКШдан позитивдүү жана конкреттүү кадамдарды күтүп жатабыз. Бул иш-аракеттердин жана процесстин мүмкүн болушунча тезирээк бүтүшүн каалайбыз. Түркиянын террор менен күрөшүүсүн жана Түрк куралдуу күчтөрүн модернизациялоо аракеттерине бардык союздаштарыбыздын, өзгөчө Финляндиянын колдоосун жана салымын күтөбүз»,-деди.

Түрк куралдуу күчтөрүнүн террористтерге каршы күрөшүп жатканын жана алардын бир гана бутасы террористтер экенин баса белгилеген Акар: «Күчтүү Түрк куралдуу күчтөрү күчтүү НАТО, күчтүү альянс дегенди билдирет»,-деди.



Тектеш кабарлар