АКШнын F-16 согуштук учактар боюнча чечими

Түркияга F-16 согуштук учактарын сатууну чектөөчү шарттар менен байланыштырган беренелер коргонуу бюджети мыйзам долбоорунан толугу менен чыгарылды.

1915601
АКШнын F-16 согуштук учактар боюнча чечими

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Өкүлдөр палатасына сунушталган жана   Түркияга F-16 согуштук учактарын сатууну чектөөчү шарттар менен байланыштырган беренелер коргонуу бюджети мыйзам долбоорунан толугу менен чыгарылды.

АКШ Конгрессинин эки палатасынын сенаторлору жана өкүлдөрү кирген конференция комитети 857 миллиард долларлык коргонуу бюджетин камтыган Улуттук Коргонуу Уруксат мыйзамын (NDAA) аягына чыгарды.

Долбоордун акыркы вариантында Кипрдин рум лоббисине жакындыгы менен белгилүү болгон Нью-Гэмпшир өкүлү демократ Крис Паппас, Флоридадан республикачы өкүл Гус Билиракис, Нью-Йорктун өкүлү Николь Маллиотакис жана Нью-Джерси штатынын өкүлү, демократ Франт Паллон баш болгон 18 өкүл тарабынан сунушталган жана  мыйзам долбоорунун Өкүлдөр палатасынын версиясына кошулган Түркияга F-16 сатууну чектөөчү шарттарга байлаган эч кандай пункт орун алган жок.

Түркияга F-16 сатууну шарттарга байланыштырган беренелер коргонуу бюджети мыйзам долбоорунан алынып салынды.



Тектеш кабарлар