Эрдоган Твиттердеги эң күчтүү лидерлердин бири
Бул тууралуу президент Эрдогандын медиа жана байланыш боюнча кеңешчиси Исмаил Жесур билдирди.
Президент Режеп Таййип Эрдоган дүйнөдөгү эң күчтүү үчүнчү Twitter аккаунту ээси болду.
Бул тууралуу президент Эрдогандын медиа жана байланыш боюнча кеңешчиси Исмаил Жесур билдирди.
Жесур глобалдык коомчулук менен байланыш агенттигинин санариптик дипломатия изилдөө коомчулугу тарабынан "Твиттердеги эң күчтүү лидерлер" изилдөөсү жүргүзүлгөнүн жарыялады.
Иликтөөнүн жыйынтыгына ылайык, президент Эрдогандын жеке Twitter аккаунту 2022-жылы эки тепкичке көтөрүлдү.
Ушундайча Эрдоган 19 миллиондон ашуун катталуучу менен дүйнөдөгү эң күчтүү үчүнчү Twitter аккаунту ээси болуп, Европанын эң күчтүү саясий лидери деген наамын да сактап калды.
Тизменин башында Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, экинчи орунда болсо Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден турат.
Тектеш кабарлар
Эрдоган TOGG унаасынын жаңы моделин карап чыкты
Президент Эрдоган Түркия палаталар жана биржалар биримдигинин (TOBB) 80-Башкы Ассамблеясына катышты.