Ибрахим Калын жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГ Түркия үчүн мыйзамдуу бута экенин айтты

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Катарда жайгашкан Al Jazeera каналында катышкан программасында күн тартибине байланыштуу суроолорго жооп берди.

1914775
Ибрахим Калын жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГ Түркия үчүн мыйзамдуу бута экенин айтты

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Сириянын түндүгүндө, чыгышында, батышында же Түркия чек арасына жакын аймактарда жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГ элементтеринин Түркия үчүн мыйзамдуу бута экенин айтты.

Басма сөз катчысы Калын Катарда жайгашкан Al Jazeera каналында катышкан программасында күн тартибине байланыштуу суроолорго жооп берди.

13-ноябрда Стамбулдун Истиклал көчөсүндө 6 кишинин каза болушу жана 81 кишинин жаралануусу менен коштолгон террордук кол салууга Түркиянын Сирия жана Ирактын түндүгүнө карата абадан жүргүзгөн операцияларына токтолгон Калын, бул террористтер абадан же кургактыктан куугунтуктала турганын айтты.

Калын Стамбулдагы террордук кол салуунун артында ПКК/ЙПГнын турганына ачык далилдер бар экенин, бомба койгон террористке жардам бергендердин да кармалганын эске салды.

ПККнын акыркы жылдарда тактикасын өзгөрткөнүн белгилеген Калын: «Террористтер өздөрүн жаап-жашыруу үчүн ар кандай улуттагы адамдарды колдонуп жатышат»,-деди.

Калын ПКК жана ЙПГнын террордук уюм экенин, Сириянын түндүгүндө, чыгышында, батышында же Түркия чек арасына жакын аймактарда бул уюмдарга таандык элементтер менен чекиттердин Анкара үчүн мыйзамдуу буталар экенин баса белгиледи.

Түркиянын Сириянын түндүгүндө жүргүзгөн операциясында ПКК/ЙПГ элементтерине сокку урганын, Америка жана Орусия күчтөрүн бутага албаганына көңүл бурган Калын:«Биз (Америка жана Орусия күчтөрүнө) албетте, бул элементтерден алыс болгула деп айтып жатабыз. ПЙД/ЙПГ өзүн коргоо үчүн бир жерде АКШнын желегин, бир жерде режим желегин колдонууда»,-деп айтты.

Катчы Калын, Түркиянын Сириянын түндүгүндөгү акыркы аба операцияларынын америкалык аскерлердин өмүрүн тобокелге салганы жөнүндөгү Вашингтондун билдирүүлөрүн четке кагып: «Америкалык шериктештерибизге америкалыктарды, жарандарды, орустарды, ирандыктарды же башкаларды бутага албай турганыбызды, буталардын өзгөчө ПКК, ПЙД/ЙПГ элементтери экенин кабарладык»,-деп өз баасын берди.

ПКК/ЙПГнын Түркия кургактыктан операция баштаса, Сириянын түндүгүндө террордук уюм ДЕАШ туткундарынын камалышына кепилдик бере албайт деген билдирүүлөрүн эске салганы боюнча Калын: «Бул ПКК/ЙПГнын сүйлөшүүлөр үчүн америкалыктар жана европалыктардан көбүрөөк колдоо, аскердик, саясий жана медиа колдоо алуу үчүн ДЕАШ туткундарын саясий барымта катары колдонуп жатканын көрсөтүүдө»,-деп жооп берди.



Тектеш кабарлар