Түркия Батыш Шериадагы сотсуз өлтүрүүлөрдү жана зомбулуктарды айыптады

Тышкы иштер министрлиги Батыш Шериада күчөгөн зомбулук жана жарандардын курмандыктары тууралуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

1914297
Түркия Батыш Шериадагы сотсуз өлтүрүүлөрдү жана зомбулуктарды айыптады

Түркия сотсуз өлтүрүүлөрдү катуу айыптап, Чыгыш Кудс менен бирге Батыш Шериада акыркы мезгилде күчөгөн зордук-зомбулук жана жарандардын өлүмүнө терең тынчсызданганын билдирди.

Тышкы иштер министрлиги Батыш Шериада күчөгөн зомбулук жана жарандардын курмандыктары тууралуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

Билдирүүдө,"Биз Батыш Шериада, анын ичинде Чыгыш Кудста акыркы убакта күчөгөн зордук-зомбулук жана жарандардын өлүмүнө терең тынчсызданабыз жана сотсуз өлтүрүүнү катуу айыптайбыз. Биз Израиль бийликтерин аймактагы чыңалуунун мындан ары күчөшүнө жол бербөө жана адам өмүрүн жоготпоо үчүн зарыл чараларды көрүүгө чакырабыз»,делди.

Билдирүүдө Палестина мамлекетине жана элине көңүл айтуу жана окуяларда каза болгон палестиналыктарга Аллахтын ырайымдуулугу билдирилди.



Тектеш кабарлар