Эл аралык стратегиялык коммуникация саммити аяктады

Стамбулда «Белгисиздик доорунда стратегиялык коммуникация» темасы менен уюштурулган саммитке дүйнөнүн төрт бурчунан эксперттер чогулушту.

1914380
Эл аралык стратегиялык коммуникация саммити аяктады

Президенттиктин коммуникация башкармалыгы тарабынан уюштурулган экинчи Эл аралык стратегиялык коммуникация саммити (Stratcom Summit) аяктады.

Стамбулда «Белгисиздик доорунда стратегиялык коммуникация» темасы менен уюштурулган саммитке дүйнөнүн төрт бурчунан эксперттер чогулушту.

Президент Режеп Таййип Эрдоган да видео кайрылуу аркылуу катышуучуларга кайрылуу жасаган саммиттин ачылыш сөзүн Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун жасады.

Саммиттин жүрүшүндө 24 өлкөдөн стратегиялык коммуникация тармагындагы адистер, лидерлер, академиктер, мамлекеттик жана жеке сектордун өкүлдөрү жана медиа кесипкөйлөрүнөн турган 52 баяндамачы коноктор өз билим жана тажрыйбаларын катышуучулар менен бөлүштү.

Стамбулда 3 миңге жакын жергиликтүү жана чет элдик катышуучуну кабыл алган саммитте жалган маалымат менен күрөшүүдөн жарандарга багытталган коммуникация мамилесине, санариптештирүүдөн коомдук байланышка чейин көптөгөн темалар талкууланды.

Саммитте 40 өлкөнүн коммуникация, медиа жана маалымат саясатын жетектеген жогорку даражалуу аткаминерлердин салымдары менен коммуникациянын өткөнү, бүгүнкүсү жана келечеги тууралуу өз ара тажрыйба алмашуу ишке ашырылды.

Өз тармагында алдыңкы платформа болгон, маданий иш-чаралары жана кошумча иш-чаралары менен коммуникация тармагынын ар тараптуулугун көрсөткөн Эл аралык стратегиялык коммуникация саммити 2022, коммуникация тармагында кесипкөйлүк, башкаруу, туруктуулук жана лидерлик потенциалын жогорулатууну максат кылууда.

 



Тектеш кабарлар