Сойлу венгриялык кесиптеши Пинтер менен жолугушту

Түркия менен Венгрия кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча биргелешкен механизм түзөт.

1914136
Сойлу венгриялык кесиптеши Пинтер менен жолугушту

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу, Түркия менен Венгриянын кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча биргелешкен иш алып баруу механизмин түзө тургандарын айтты.

Венгриялык кесиптеши Шандор Пинтерди борбор шаар Анкарада тосуп алган Сойлу, эки өлкөнүн ортосунда террор менен күрөшүүдө күчтүү кызматташтыктын бар экенин айтты.

«Түркия-Венгрия мамилелери бүткүл дүйнөгө үлгү боло турган модел карым-катнаш катары бекемделүүдө»,-деген Сойлу: «Венгрия-Түркиянын ортосунда баңгизат, каржы кылмыштары, чек ара кылмыштары, аткезчилик жана уюшкан терроризм боюнча абдан күчтүү кызматташтык бар»,-деди. 

Сойлу, Фетуллахчы террор уюму (ФЕТӨ), ПКК жана ПЙДга байланыштуу да Венгрия менен биргелешкен иш алып баруу механизмин түзүү ниети тууралуу декларациянын болгонун баса белгилеп: «Коопсуздук жана миграция сыяктуу көптөгөн базалардын инфраструктурасын түзүүгө жана бул механизмди мүмкүн болушунча тезирээк баштоого эркибиз бар»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар