НАТОнун Түркия менен тилектештик билдирүүсү

НАТО өлкөлөрү террордун бардык түрүн жана көрүнүштөрүн айыптап, соңку террордук чабуулдардан кийин Түркия менен тилектеш экенин жарыялашты.

1912665
НАТОнун Түркия менен тилектештик билдирүүсү

НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйналышынын билдирүүсүндө, террорго каршы Түркия менен тилектештик билдирүүсү берилди.

НАТО өлкөлөрү террордун бардык түрүн жана көрүнүштөрүн айыптап, соңку террордук чабуулдардан кийин Түркия менен тилектеш экенин жарыялашты.

Румыниянын борбор шаары Бухарестте өткөрүлгөн НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйынынын биринчи күнүндө жарыяланган билдирүүдө 24-февралдан бери Орусия менен согушуп жаткан Украинага берилген колдоолор баса белгиленүүсү менен катар жикчил террордук уюм ПККнын кыймылдарынан кийин Түркия менен тилектештик билдирүүсү да орун алды.

НАТО бардык союздаштарды бардык коркунучтардан коргой турганын баса белгилеп, «Терроризмдин бардык түрүн жана көрүнүштөрүн айыптайбыз, соңку үрөй учурган террордук кол салуулардан кийин каза болгондордун азасын күткөн Түркия менен тилектештикте турабыз»,делди.



Тектеш кабарлар