Шариф: «Пакистан-Түркия карым-катнаштары үлгү болгудай деңгээлде»

Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф расмий иш сапарынын алкагында келген Түркияда басма сөзгө маалымат берди.

1911546
Шариф: «Пакистан-Түркия карым-катнаштары үлгү болгудай деңгээлде»

Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф Түркиянын коргонуу өнөр жайы акыркы 20 жылда президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде бардык тоскоолдуктарды жана кыйынчылыктарды башынан өткөрүү менен чоң ийгиликке жетишкенин айтты.

Премьер-министр Шариф расмий иш сапарынын алкагында келген Түркияда басма сөзгө маалымат берди.

Пакистан-Түркия карым-катнаштарынын үлгүлүү экенин белгилеген Шариф, бул тарыхый карым-катнаштардын орток диний, маданий жана тилдик байланыштар менен тыгыз байланышта экенин жана эки тараптын тең саясий өзгөрүүлөрдүн чегинен өткөнүн белгиледи.

Шариф Пакистан менен Түркиянын биргелешип иштеши жана биргелешкен изилдөө жана өнүктүрүү аркылуу кызматташтыкты тереңдетүүлөрү керектигине көңүл буруп: «Түркиянын коргонуу өнөр жайы акыркы 20 жылда бардык тоскоолдуктарды жана кыйынчылыктарды башынан өткөрүү менен президент Эрдогандын жетекчилигинде чоң ийгиликке жетишти»,-деди.

Пакистандын Түркиянын коргонуу тармагындагы эң чоң клиенти экенин баса белгилеген Шариф:«МИЛГЕМ (Улуттук кеме) корветтерин куруудагы эки өлкөнүн кызматташтыгы Пакистандын деңиз флотунун дараметин жогорулатуу үчүн уникалдуу баалуулук гана болбостон, эки өлкө жана эки флоттун ортосундагы бир туугандык байланыштарды бекемдей турган бурулуш чекити катары да өзгөчөлөнөт»,-деп айтты.

Эки өлкөнүн туш болгон бардык маселелерде дайыма жанаша турганын баса белгилеген Шариф:«Жамму Кашмир болобу, Түндүк Кипр Түрк Республикасы болобу, Пакистан менен Түркия улуттук кызыкчылыктын бардык маселелеринде бири-бирин колдошот»,-деди.

Шариф Түркиянын Жамму Кашмир маселесинде принципиалдуу колдоосуна ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн аймактык жана эл аралык маселелерде көз караштары окшош экенин белгиледи.

Шариф Анкара менен Исламабаддын эки тараптуу, аймактык жана көп тараптуу форумдардагы тыгыз кызматташтыктан ыраазы экенин белгилеп, эки өлкөнүн орток чакырыктарга жана пайда болгон коркунучтарга каршы түрдүү тармактарда, өзгөчө коргонуу тармагында кызматташтыгын тереңдеткенин белгиледи.



Тектеш кабарлар