Түркия, Финляндия, Щвециянын Биргелешкен механизминин экинчи жыйыны Стокгольмдо өттү

Террордук уюмдарга ачык колдоо көрсөткөн эки өлкө менен протокол түзгөн Анкара берилген убадалардын аткарылышын күтүп жатат.

1911301
Түркия, Финляндия, Щвециянын Биргелешкен механизминин экинчи жыйыны Стокгольмдо өттү

НАТО саммитинин алкагында Түркия, Финляндия жана Швеция кол койгон үч тараптуу келишимге ылайык түзүлгөн Биргелешкен механизмдин экинчи жыйыны 25 - ноябрда Швециянын борбор шаары Стокгольмдо өткөрүлдү.

Президенттиктин катчысы, элчи Ибрахим Калын жана тышкы иштер министринин орун басары Седат Өнал жетектеген түрк делегациясында юстиция министрлиги, тышкы иштер министрлиги, ички иштер министрлиги жана улуттук коргоо министрлиги менен Улуттук Чалгындоо Уюмунун өкүлдөрү да орун алды.

Швециянын делегациясына премьер- министрлик кеңсесинен элчи Оскар Стенстрем жана тышкы иштер министрлигинин статс -катчысы Ян Кнуцсон жетекчилик кылды.

Финляндиянын делегациясын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Юкка Саловаара жана президенттик аппараттын тышкы саясат жана коопсуздук саясаты боюнча башкы директору доктор Петри Хаккарайнен жетектеди.

Тышкы иштер, юстиция министрликтери, коопсуздук жана чалгындоо мекемелеринен да өкүлдөр катышкан Туруктуу биргелешкен механизмдин максаты Үч тараптуу меморандумдагы милдеттенмелерди ишке ашыруу. Туруктуу биргелешкен механизм тууралуу министрликтер жана мекемелердин ортосунда техникалык деңгээлдеги координацияны жогорулатуу чечими кабыл алынган жыйында Финляндия менен Швециянын макулдашууга ылайык жетишкен ийгиликтери кубанычтуу кабыл алынгандыгы айтылды. Тараптар келишимди ишке ашыруу боюнча иштерди улантуу боюнча макулдашты.

Түркия 28 - июнда Испаниянын Мадрид шаарында өткөн НАТО саммитинде мүчөлүк үчүн кайрылган Финляндия менен Швецияга вето койду. Террордук уюмдарга ачык колдоо көрсөткөн эки өлкө менен протокол түзгөн Анкара берилген убадалардын аткарылышын күтүп жатат.



Тектеш кабарлар