Эрдоган түрк демилгечилеринин жолугушуусуна видео кайрылуу жолдоду

Эрдоган билдирүүсүндө адамзат катары азаптуу мезгилди баштан кечирип жатышканын айтты.

1911073
Эрдоган түрк демилгечилеринин жолугушуусуна видео кайрылуу жолдоду

Президент Режеп Таййип Эрдоган, улуу жана күчтүү Түркияны курганга чейин эң токтобостон күрөштү чечкиндүүлүк менен уланта тургандарын билдирди.

Президент Эрдоган Демилгечи ишкерлер фонду менен Түркия жаштар фонду тарабынан уюштурулган «Түрк демилгечилеринин жолугушуусу жана 9-ишкердик сыйлыктарын тапшыруу аземине» видео кайрылуу жолдоду.

Эрдоган билдирүүсүндө адамзат катары жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) пандемиясы менен башталып, Орусия менен Украинанын ортосундагы чыңалуу менен тереңдеген азаптуу мезгилди баштан кечирип жатышканын айтты.

Көптөгөн экономикалар, анын ичинде өнүккөн өлкөлөр инфляциядан рецессияга, жумушсуздуктан энергетика жана азык-түлүк кризисине чейин олуттуу көйгөйлөргө туш болгонун эске салган Эрдоган: «Пандемия процессин ийгиликтүү башкарган Түркия бул пандемиядан кийинки кыйынчылыктарды өз аракеттери менен жеңип жатат. Инвестиция, жумуштуулук, өндүрүш, экспорт жана күндөлүк баланстын профицити аркылуу өсүүгө негизделген экономика моделибиздин оң таасирлерине ар бир тармакта күбө болуудабыз.

Ковид-19 пандемиясы дүйнө экономикаларын катуу солкулдаткан чөйрөдө биз G-20дагы эң тез өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирдик. Өсүү темпибиз былтыр 11 пайызды түзсө, быйылкы жылдын биринчи жарымында 7,5 пайызды түздү. Жумушчу күчүнө катышуу көрсөткүчүбүз жогорулаганына карабастан, биз иш менен камсыз кылууда 31 миллион чектен аштык»,-деди.

Түркиянын экспортто ай сайын жаңы рекорд менен максаттарына бекем кадам таштаганына көңүл бурган президент Эрдоган: «Инвестициялык кадамдарыбызды үзгүлтүксүз улантууга да чоң маани беребиз. 29-октябрда ата мекендик электр унаабыз TOGG заводун ачуу менен элибиздин дагы бир 60 жылдык кыялын ишке ашырдык. Шейшемби күнү өлкөбүздүн эң чоң суу сактагычы Юсуфели жана Гидроэлектростанциянын ачылышын жасадык.

Түркия кылымы көз карашыбыздын конкреттүү долбоорлорун бир-бирден ишке ашыруу менен жолубузду улантып жатабыз. Буюрса, улуу жана күчтүү Түркияны курганга чейин токтобой, күрөшүбүздү чечкиндүүлүк менен улантабыз. Терроризмдин же террордук уюмдун тизгинин кармап турган империалисттик бандалардын бизди жолубуздан кайтаруусуна жол бербейбиз. Сиздердин, жаш ишкерлерибиздин колдоосу жана салымы менен 21-кылымды Түркиянын кылымы кылаарыбызга чын дилимден ишенем»,-деди.



Тектеш кабарлар