Эрдогандан террор менен күрөшүү тууралуу билдирүү

Президент Эрдоган Артвин Юсуфели плотинасынын ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

1909638
Эрдогандан террор менен күрөшүү тууралуу билдирүү

Президент Режеп Таййип Эрдоган : «Бир канча күндөн бери учагыбыз менен артиллериябыз жана учкучсуз учуучу аппараттарыбыз (SİHA) менен террористтердин артындабыз. Булардын баарын эң кыска убакытта түп тамырынан бери жок кылабыз»,-деди.

Президент Эрдоган Артвин Юсуфели плотинасынын ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

Бир жума мурда Стамбулда болгон бомбалуу кол салууга Түркияга туруштук бере албагандардын кыймылы катары карагандарын белгилеген Эрдоган : «Араларында балдар да болгон 6 күнөөсүз кишинин өмүрүн алган бул кол салууга карата жообузду Ирактын жана Сириянын түндүгүндөгү ПКК/ЙПГ террордук уюмунун буталарын жер менен жексен кылдык»,- деди.

Өзүн коопсуз сезген бир жерде үстүнө түшкөн бомбаларды сиңдире албаган террордук уюмдун бул жолу да Түркиянын чек ара аймактарындагы жарандык курулуштарды жана адамдарды бутага алгандыгын баса белгилеген Эрдоган : «(ПКК/ЙПГ кол салуусунда) 4 жашында балабыз, 22 жашында мугалимибиз шейит болду. Буюрса бул боордошторубуздун төгүлгөн бир тамчы каны да текке кетпейт»,- деди.

Түркия чек араларына жана жарандарына карата кол салуулардын булактарынын белгилүү экендигин айткан Эрдоган : «Бул террористтердин кимдердин коргоосу астында экендигин, кимдин куралдандыргандыгын, күч бергендигин абдан жакшы билебиз. Террордук уюмдун атын өзгөртүп, аскерлеринин террористтердин жанында тургандай кылып Түркияны алаксытып жатканын ойлогондор үчүн жолдун аягы келди»,- деди.  

Президент : «Бир канча күндөн бери учагыбыз менен артиллериябыз жана учкучсуз учуучу аппараттарыбыз (SİHA) менен террористтердинартындабыз. Булардын баарын эң кыска убакытта түп тамырынан бери жок кылабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар