Алтун: "Операциялар акыркы террорист жок кылынганга чейин уланат"
Алтун социалдык медиа баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө, террордук уюм ЙПГ/ПККны айыптагандарын айтты.
Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, жикчил террордук уюм ЙПГ/ПККга каршы операциялардын акыркы террорист жок кылынганга чейин улана турганын билдирди.
Алтун социалдык медиа баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө, жаран, аскер, полиция, мугалим, аял жана бала дебестен бутага алган террордук уюм ЙПГ/ПККны айыптагандарын белгиледи.
Газиантептин Каркамыш районуна террордук уюм ЙПГ/ПКК мүчөлөрү тарабынан атылган 5 снаряддын себебинен каза болгон жарандарга Аллахтан ырайым тилеген Алтун: «Күнөөсүз жарандарга кол салууларын уланткан террор уюму ЙПГ/ПККнын кол салууларына каршы коопсуздук күчтөрүбүз жооп кайтарууда. Бул операциялар акыркы террорист жок кылынганга чейин уланат. Террор уюмдары менен колдоочуларын жоопко тартабыз»,-деди.
Фахреттин Алтун постуна "#Hesapzamanı" (жоопко тартуунун убагы келди) хештегин да кошту.