Чавушоглу мексикалык кесиптеши менен жолугушту

Эки тараптуу жолугушуудан кийин маалымат жыйыны өткөрүлдү.

1907794
Чавушоглу мексикалык кесиптеши менен жолугушту

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түрк кылымынын башталганын баса белгилеп, Түрк дүйнөсүнүн биримдигинин эч кимге залака келтирбей турганын айтты.

Мевлүт Чавушоглу борбор шаар Анкарада Мексиканын тышкы иштер министри Марсело Эбрард менен жолугушту.

Эки тараптуу жолугушуудан кийин маалымат жыйыны өткөрүлдү.

Министр Чавушоглу Түркия менен Мексиканын ортосундагы карым- катнаштардын бардык тармактарда тынымсыз өнүгүүсүнө ыраазы болгондорун билдирип: «Биздин мамилелерде олуттуу потенциал бар. Бул потенциалды колго алышыбыз керек. Биз бүгүн бул тууралуу сүйлөштүк»,- деди.

Соодадагы тоскоолдуктардын жоюлушу керектигине басым жасаган министр Чавушоглу, келерки жылдын биринчи чейрегинде Эркин соода келишими сүйлөшүүлөрүн жандантуу боюнча макулдашкандарын айтты.

Түрк сериалдарынын Мексикада абдан популярдуу болушу менен түрк тилине кызыгуунун артканын баса белгилеген Чавушоглу, Мексикада бетме-бет түркчө сабактар ​​башталганын жана кызыгуунун жогору экенин билдирди.

Чавушоглу Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Түрк мамлекеттер уюмуна байкоочу мүчө болушуна карата реакцияларга да токтолуп: «Европа Биримдигинин (ЕБ) Түрк мамлекеттер уюмуна кийлигишүүгө кандай укугу бар? Америка Кошмо Штаттарына (АКШ) да билдирүүбүз төмөнкүдөй; Түркия-Греция мамилелеринде жана Кипрде тең салмактуулукту буздуңар. Таразаңыз туураланган эмес. Тең салмактуу болгула жана эгер сиз эл аралык укук жөнүндө айтып жатсаңыз, Грециянын Кипрдин рум бөлүгүнүн мыйзам бузууларын караңыз. Ошол эле учурда биз АКШдан да уруксат алгыдай эмемпиз»,- деди.

«Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Түрк Мамлекеттер Уюмуна мүчө болушу менен бул мааниде бир бүчүр пайда болгонун айта алабыз» деген тышкы иштер министри: «АКШнын жана өзгөчө Евробиримдиктин Түрк Мамлекеттер Уюмунун мүчөлөрүнө кысым кылып, алтургай коркутканын көрдүк. Алар ар бир өлкөгө ноталарды беришти, кат жазышты, кысым көрсөтүштү. Евробиримдик же АКШ ким болбосун, мындай коркутууларга баш ийбеген Түрк дүйнөсү бар. Түрк дүйнөсүнүн биримдиги эч кимге залака  келтирбейт»,-деди.



Тектеш кабарлар