Эрдоган: «Дүйнө жүзү азык-түлүк кризисине кабылуу ыктымалы менен бетме-бет келе жатат»

Президент Эрдоган Индонезиянын Бали аралындагы Апурва Кемпинскиде өткөрүлгөн Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитинин «Азык-түлүк жана энергетика коопсуздугу» отурумуна катышты.

1906729
Эрдоган: «Дүйнө жүзү азык-түлүк кризисине кабылуу ыктымалы менен бетме-бет келе жатат»

Президент Режеп Таййип Эрдоган дүйнө жүзү буудай, күн карама майы жана жүгөрү сыяктуу күрүчтө да кризиске кабылуу ыктымалы менен бетме-бет келе жатканын айтты.

Президент Эрдоган Индонезиянын Бали аралындагы Апурва Кемпинскиде өткөрүлгөн Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитинин «Азык-түлүк жана энергетика коопсуздугу» отурумуна катышты.

Эрдоган сөзүндө глобалдык экономиканын өткөн жылы бардык кыйынчылыктарга карабастан 6 пайыз өскөнүнө көңүлдөрдү бурду.

Эрдоган, бирок суроо-талаптын өсүшү, жеткирүү чынжырынын начарлашы, чийки зат баасынын өсүшү жана чийки заттын жетишсиздиги дүйнөнү жогорку инфляцияга дуушар кылганын билдирди.

Орусия-Украина согушунун азык-түлүк жана энергетика тилкесинде тыгынга себеп болгонун, мунун чийки зат бааларынын кошумча жогорулашына алып келгенин белгилеген Эрдоган, дүйнөдөгү азык-түлүк кризисине көңүл буруп: «Учурда дүйнө күрүч, ошондой эле буудай, күн карама майы жана жүгөрү сыяктуу кризиске кабылуу ыктымалына туш болуп жатат. Ошол сыяктуу эле дүйнөлүк жер семирткичтер рыногу тез арада турукташуусу керек. Болбосо, келерки жылы дагы чоң азык-түлүк каатчылыгын баштан кечиребиз»,-деп айтты.

Түркиянын Бириккен Улуттар Уюму менен Кара деңизде курган коридордон 10 миллион тоннадан ашуун эгин ташылганын белгилеген Эрдоган: «Албетте, механизмдин иштеши үчүн сиздердин колдооңуздар менен кыйынчылык жараткан тоскоолдуктарды жеңилдетүү үчүн кадамдар жасалышы керек. Ошондой эле экспорттолгон данды тез арада муктаж болгон өнүкпөгөн аймактарга, өзгөчө Африкага ташуу үчүн чара көрүшүбүз керек»,-деп айтты.

Глобалдык энергетикалык коопсуздуктун түзүлүшү менен керектөөчүлөрдүн энергияга арзан жана туруктуу жол менен жетүүсү бул процессте приоритет болуп калганын баса белгилеген Эрдоган, Түркиянын азык-түлүк кризисин башкарууда болгону сыяктуу энергетикалык борбор катары Европа баш болгон жакынкы өлкөлөрдүн коопсуздугуна так салым кошконун айтты.



Тектеш кабарлар