Түркия менен Индонезиянын ортосунда 5 келишимге кол коюлду

Индонезиянын Бали аралындагы Чоң жыйырмалыктын саммитинен мурда Хилтон Бали курортунда Түркия менен Индонезиянын ортосундагы эки тараптуу келишимдерге кол коюу аземи өткөрүлдү.

1906207
Түркия менен Индонезиянын ортосунда 5 келишимге кол коюлду

Түркия менен Индонезиянын ортосунда коргонуу өнөр жайы, технология, токой чарбасы, айлана-чөйрө жана өнүгүү тармактарында кызматташууну камтыган беш келишимге кол коюлду.

Индонезиянын Бали аралындагы Чоң жыйырмалыктын саммитинен мурда Хилтон Бали курортунда Түркия менен Индонезиянын ортосундагы эки тараптуу келишимдерге кол коюу аземи өткөрүлдү.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу кол коюу аземинин алдында сөзүн Индонезиянын коргоо министри Прабово Субиантого кечээ Стамбулдун Истиклал көчөсүндө болгон жардыруудан улам көңүл айтуусуна ырахмат айтуу менен баштады.

Чавушоглу Түркиянын өлкөдөгү жана аймагындагы террористтердин тамырын кыркууну уланта турганын баса белгиледи.

Балиде тарыхый учурга күбө болгонун белгилеген Чавушоглу, эки өлкөнүн президенттеринин Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешин кура турганын айтты.

Мевлүт Чавушоглу акыркы жылдарда эки өлкөнүн кызматташтыгында олуттуу жылыш болгондугун белгиледи.

Чавушоглу Индонезиянын глобалдык кыйынчылыктарга карабастан Чоң жыйырмалыктын саммитинде ийгиликтүү төрагалык кылганын айтып: «Биз Индонезиянын президенти Видодо менен Индонезиянын анын жетекчилигиндеги ийгиликтерин да баалайбыз. Ислам дүйнөсүндөгү эки улуу держава катары биздин кызматташтыгыбыз дүйнө мусулмандары үчүн өтө маанилүү»,-деп айтты.

Индонезиянын коргоо министри Субианто кечээ Стамбулда болгон кол салуу үчүн Түркияга көңүл айтты.

Субианто кол коюлган келишимдер эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштын динамизмин көрсөтүп жатканын айтты.

Сөздөрдөн кийин Түркия менен Индонезиянын ортосунда 5 келишимге кол коюлду.

Ошол эле учурда түрк жана Индонезия фирмаларынын ортосунда эки келишимге кол коюлду.



Тектеш кабарлар