Эрдоган Видодо менен жолугушту

Президент Эрдоган Чоң жыйырмалыктын 17- лидерлер саммитине катышуу үчүн барган Индонезиянын Бали аралында президент Жоко Видодо менен жолугушту.

1906090
Эрдоган Видодо менен жолугушту

Президент Режеп Таййип Эрдоган Индонезиянын президенти Жоко Видодо менен жолугушту.

Президент Эрдоган Чоң жыйырмалыктын 17- лидерлер саммитине катышуу үчүн барган Индонезиянын Бали аралында президент Жоко Видодо менен жолугушту.

Эрдоган жолугушууда сүйлөгөн сөзүндө Индонезияны Чоң жыйырмалыктын кезектеги төрагалыгын ийгиликтүү өткөрүшү менен куттуктап:«Ошондой эле Индонезия келерки жылдын апрель айында MIKTA (Мексика, Индонезия, Түштүк Корея, Түркия жана Австралия) кезектешкен төрагалыгын өткөрүп алаарына кубанычтабыз. Буга байланыштуу 2023-жылдагы АСЕАНдын төрагалык мөөнөтүнө ийгилик каалайм жана диалог өнөктөштүгүбүз максатыбызга колдоо көрсөтүүңүздү чыдамсыздык менен күтөм»,-деди.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда 15-16-ноябрь күндөрү өтө турган Чоң жыйырмалыктын 17- лидерлер саммитинин негизги темасы «Бирге калыбына келүү-Күчтүү калыбына келтирүү» болот.

Бул контекстте G20 лидерлери «Азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздук», «Ден соолук» жана «Санариптик трансформация» аттуу үч сессияда пикир алмашат.

Президент Эрдоган саммиттин алкагында ар кайсы өлкөнүн лидерлери менен жолугушууларды өткөрөт.

Эрдоган саммиттин алдында бүгүн Балиде үй ээси Индонезиянын президенти Жоко Видодо менен да эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда Түркия менен Индонезиянын ортосундагы карым-катнаштар каралып, кызматташтыкты дагы да өнүктүрүү үчүн ташталышы мүмкүн болгон кадамдар талкууланды.


Этикеткалар: #Жоко Видодо , #Эрдоган

Тектеш кабарлар