Түркия Пакистанда селден жабыр тарткан дыйкандарга жардам берди

Пакистанда жай боюнча таасирдүү болгон муссон жамгырлары жол ачкан сел апаатында 1739 киши каза болуп, 13  миңге жакын киши жараланган.

1905600
Түркия  Пакистанда селден жабыр тарткан дыйкандарга жардам берди

Түркия сел апааты болгон Пакистандын Синд аймагындагы 700гө жакын дыйканга 60 тонна буудай үрөнүн таратты.

Түркия Кызматташтык жана координация агенттиги ТИКАнын Карачи координатору Халил Ибрахим Башаран Синд  Тандожам айыл чарба университети жана Айыл чарба департаменти менен биргеликте Бадин, Мирпурхас, Умеркот, Матиари, Сангар, Шахид, Баназирабад (Навабшах), Даду жана Хайрпур шаарларындагы дыйкандарга азык - түлүк коопсуздугуна карата  коркунучтун азайтылышына салым кошуу максатында колдоо бергендерин айтты. 

Башаран Матиариде өткөрүлгөн программада 700гө жакын дыйканга 60 тонна буудай үрөнүн тараткандарын белгиледи.

Дыйкандардын үрөн колдоосунан ыраазы экенин белгилеген Басаран : "Дйкандар колдоодон улам Түркияга жана президент Режеп Таййип Эрдоганга ыраазычылык билдиришти",- деди. 

Пакистанда жай боюнча таасирдүү болгон муссон жамгырлары жол ачкан сел апаатында 1739 киши каза болуп, 13  миңге жакын киши жараланган. 

 



Тектеш кабарлар