Греция өлүмгө түрттү, Түркия куткарды

Түрк тарабына сүрүлгөн 165 мигрант жээке чыгарылды.

1905597
Греция өлүмгө түрттү, Түркия куткарды

Измир, Чанаккале, Айдын жана Балыкесир жакындарында Греция элементтери тарабынан  түрк тарабына сүрүлгөн 165 мигрант куткарылды. Измирдин Дикили жана Сеферихисар  райондоруна жакын жерде бир группа мигранттын жардам суроосу боюнча жээк коопсуздугу аракетке өттү. Аймакка барган топтор грек элементтери тарабынан түрк тарабына сүрүлгөн 71 мигрантты куткарды. 

Селчук районунун жакындарында да мыйзамсыз жолдор менен өлкө тышына чыгууга аракет кылган резина кайыктагы 18 мигрант кармалды.

Греция  тарабынан өлүмгө ташталган 42 мигрант Чанаккаленин Айважык районунда, 33 мигрант Айдын облусунун Кушадасы жана Дидим районуна жакын жерде, 19 мигрант да Балыкесирдин Айвалык районуна жакын жерде куткарылды. Мигранттар андан кийин облустук  миграция директорлугуна жиберилди. 

 

 



Тектеш кабарлар