Эрдоган : "АКШдагы шайлоо менен бирдикте айрым оң кабарлар келүүдө"

Президент Режеп Таййип Эрдоган : «АКШдагы шайлоо менен бирге айрым оң кабарлар келе жатат. Келерки ай сүйүнчүлөр менен толсун жана Ф  - 16  маселеси оң багытта чечели»,- деди.

1905586
Эрдоган : "АКШдагы шайлоо менен бирдикте айрым оң кабарлар келүүдө"

Президент Режеп Таййип Эрдоган : «АКШдагы шайлоо менен бирге айрым оң кабарлар келип жатат. Келерки ай сүйүнчүлөр менен толсун жана Ф  - 16  маселесин оң багытта чечели»,- деди.

Эрдоган Түрк Мамлекеттери Уюмунун 9 -  саммитине катышуу үчүн Өзбекстанга жасаган сапарынан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Түркиянын АКШдан Ф  - 16  талабына байланыштуу техникалык иштердин пландалгандай улантылып жаткандыгын айткан Эрдоган : «Бул ишти да ушундайча жүргүзүп, чечели жана жабалы»,- дедик. Айрым учурларда Америка тарабы коргоо министри Хулуси (Акар) пашага оң,  жакшы нерселерди айтып жатат. Албетте алар шайлоо өткөрдү. Бул шайлоо менен бирге азыркы учурда айрым оң кабарлар да келип жатат жана бул оң кабарларды биз жакындан иликтөөнү улантуудабыз. Келерки айдын айрым сүйүнчүлөр менен келишин жана Ф  - 16  маселесин оң багытта чечилишин каалаймын»,- деди.

Эрдоган Россия  - Украина согушу тууралуу да : «Дан коридорунан тынчтык коридорун ача алабыз, бул үчүн да эң жакшы жол диалогдон тынчтыкка кеткен жол боло алат. Убакытты чектөө туура болбойт. Аларга бул ишти канчалык узакка кармаса ошончолук так болорун айттык»,- деди.

Эрдоган Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Түрк Мамлекеттри Уюмуна байкоочу мүчө катары кабыл алынышына байланыштуу : «Алгач  инфраструктуралык иштерди баштап, андан соң Түндүк Кипрди мамлекет катары дүйнөгө таанытуу үчүн аракет кылышыбыз керек»,-деди.

Акыркы 20 жылда Түркиянын дүйнөдөгү жана айланасындагы кризистерге каршы реалдуу, демилгечи, гуманитардык жана улуттук тышкы саясат жүргүзгөндүгүн белгилеген президент : «Укук жана кызыкчылыктарыбызды коргодук. Глобалдык жана аймактык тынчтык менен туруктуулук үчүн олуттуу аракеттердик кылдык. Аракеттерибиз менен Түркия азыр глобалдык маселелерде сөзү өтүмдүү, кадыр - барктуу жана алмаштырылгыс актерго айланды. Бул дүйнөлүк коомчулук тарабынан да кабыл алынууда»,- деди.



Тектеш кабарлар