Стамбул аэропорту күнүмдүк  орточо каттам менен Европада биринчи орунду алды

Стамбул аэропортунан кийин күнүнө орточо 1157 каттам менен Лондон Хитроу аэропорту экинчи, Париж Шарль де Голль аэропорту 1147 каттам менен үчүнчү орунду алды.

1905354
Стамбул аэропорту күнүмдүк  орточо каттам менен Европада биринчи орунду алды

Стамбул аэропорту күнүмдүк  орточо каттам менен Европада биринчи орунду алды.

Жарандык авиация боюнча башкы директорлугу соцтармактан берген билдирүүсүндө Европа Аэронавигация коопсуздугу уюму EUROCONTROLдун каттамдар боюнча отчетуна караганда күнүмдүк орточо 1232 каттам менен Европадагы кыймыл эң көп болгон аэропорт болгондугу белгиленди.

Билдирүүдө : «Түрк аба жолдору күн сайын орто эсеп менен 1248 каттам менен эң көп каттам жасаган авиакомпаниялардын арасында экинчи орунду ээледи»,-деп айтылды.

Стамбул аэропортунан кийин күнүнө орточо 1157 каттам менен Лондон Хитроу аэропорту экинчи, Париж Шарль де Голль аэропорту 1147 каттам менен үчүнчү орунду алды.

 



Тектеш кабарлар