Түркия Ататүрктү эскерүүдө

Мустафа Кемал Ататүрктүн дүйнөдөн кайтканына 84 жыл болду.

1904441
Түркия Ататүрктү эскерүүдө

Бүгүн Ататүрктүн дүйнөдөн кайтышынын 84 жылдыгы...

«Эркиндикти жана эгемендүүлүктү кулк-мүнөзү» катары жарыялаган, бир элди туткундан сактап калган Улуу жолбашчы Мустафа Кемал Ататүрктүн дүйнөдөн кайтканына 84 жыл болду.

Түбөлүк жымжырттыкка бир нече мүнөт калганда Долмабахче сарайынын коридорлорунда "Карачы, дагы бир тарых өтүп баратат..." деген сөздөр жаңырган күн 1938-жылдын 10-ноябры саат 09.05 эле.

Республиканын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрк 57 жылдык өмүрүндө Түрк улутунун боштондук согушун (1919-1923) ийгиликтүү жетектеген командир катары гана эмес, төңкөрүштөрү менен мамлекеттик ишмер катары да тарыхта калды.

Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Гази Мустафа Кемал Ататүрктүн дүйнөдөн кайтышынын 84 жылдыгынан улам сөөгү коюлган Аныткабирде президент Режеп Таййип Эрдогандын катышуусунда расмий азем өткөрүлдү.

Эрдоган, Ататүрктүн мавзолейине кызыл жана ак гвоздикалардан турган ай жылдыздуу гүлчамбарды калтырды. Ататүрк 84 жыл мурун дүйнөдөн кайткан саат болгон 09.05те бир мүнөттүк унчукпай эскерилип, андан соң Гимн ырдалды.

Президент Эрдоган, Аныткабирдин атайын китепчесине: «Урматтуу Ататүрк, улутубуздун кылымдардан берки кыялдарын ишке ашырганга чейин токтобойбуз, кол салуулар алдында багынбайбыз, күрөшүбүздү чечкиндүүлүк менен улантабыз»,-деп жазды.

Ататүрк өлкөнүн жалпысында да урмат-сый менен эскерилип, саат 09.05те өлкө боюнча жарандар бир мүнөттүк унчукпай турушту.



Тектеш кабарлар