Столтенберг Дан келишимдеги ролу үчүн Түркияны жогору баалагандарын айтты

Йенс Столтенберг Египеттеги COP27 климаттык конференциясында өткөн «Климат коопсуздугу» жыйынына видеоконференция аркылуу катышып сөз сүйлөдү.

1903981
Столтенберг Дан келишимдеги ролу үчүн Түркияны жогору баалагандарын айтты

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Украина данынын дүйнөгө өткөрүлүшүн камсыздаган келишимдеги ролу үчүн Түркияны жогору баалагандарын айтты.

Йенс Столтенберг Египеттеги COP27 климаттык конференциясында өткөн «Климат коопсуздугу» жыйынына видеоконференция аркылуу катышып сөз сүйлөдү.

Орусиянын 24-февралдагы Украинага кол салуусу менен башталган согуштан улам дүйнөдө энергия жана азык-түлүк бааларынын жогорулаганын эске салган Столтенбенг, Украинанын эгиндерин дүйнөлүк рынокко өткөрүү үчүн БУУнун  жана Түркиянын демилгеси менен түзүлгөн келишимдин аркылуу азык-түлүк баасынын төмөндөгөнүн белгиледи.

Өткөн жумада Түркияга болгон сапарында бул теманы күн тартибине киргизгенин белгилеген Столтенберг: «БУУ, НАТО боюнча өнөктөшү Түркия жана эл аралык коомчулук дүйнөлүк азык-түлүк рыногундагы басымды жарым-жартылай болсо да азайтуу максатында Украинадан эгин экспорттоону мүмкүн кылган келишимди түзүштү. Мен өткөн аптада Стамбулга бардым. Эгин ташыган кемелердин Стамбул кысыгынан өтүүсүн мен өз көзүм менен көрдүм. Мен президент Режеп Таййип Эрдоган менен сүйлөштүм. Түркиянын дан келишиминдеги аракеттерине ыраазычылыгымды билдирдим. Биз Орусияны дан келишимин аткарууга жана келишимди узартууга чакыруубузду улантуудабыз»,-деп айтты.

Орусиянын Украина менен болгон согушун токтотуусу керектигин белгилеген Йенс Столтенберг, эгер Украина согушту бүтүрсө эгемен мамлекет болбой турганын, Орусия бул согушту токтотсо гана тынчтык орной турганын айтты.



Тектеш кабарлар