Түркия Идлибдеги кол салууну айыптады
Тышкы иштер министрлиги бул кол салуу тууралуу жазуу түрүндө маалымат берди.
Түркия Сириянын Идлиб облусунда жерлеринен кеткен кишилер жашаган 3 лагерди бутага алган, 9 жаран каза болгон жана 70 адамдын жараланышына жол ачкан кол салууларды катуу айыптады
Тышкы иштер министрлиги бул кол салуу тууралуу жазуу түрүндө маалымат берди.
9 жаран каза болгон жана 70 адамдын жараланышына жол ачкан кол салуулар катуу айыпталган билдирүүдө : «Бул кол салуулар аймактагы тынчтыкты сактоо жана чыңалууну басаңдатууга багытталган аракеттерди жокко чыгарып, гуманитардык абалдын начарлашына алып келүүдө»,-деп билдирилди.
Тийиштүү тараптар учурдагы келишимдерге баш ийүүгө жана жарандарга каршы кол салууларды токтотууга чакырылган билдирүүдө Түркиянын аймактагы тынчтыкты сактоо, Сирия келишпестигине саясий чечим табуу жана гуманитардык жардамдардын муктаждарга үзгүлтүксүз жеткирүү максатына карата аракеттерин улантары баса белгиленди.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.