Түркия Танзанияга көңүл айтты

Танзанияда кечээ жүргүнчү учагы Виктория көлүнө кулап, 19 киши каза болгон.

1902821
Түркия Танзанияга көңүл айтты

Түркия Танзанияда Дар-Эс-Салам-Букоба каттамындагы жүргүнчү учагынын кыйрашынан улам каза болгондор үчүн көңүл айтты.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта, учактагы 19 кишинин каза болушунун терең кайгыга салганы белгиленди.

Билдирүүдө: «Дос Танзания мамлекетинин жана элинин кайгысын тең бөлүшөбүз, каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайбыз»,-деген сөздөр камтылды.

Танзанияда кечээ жүргүнчү учагы жагымсыз аба ырайынан улам Виктория көлүнө кулап, 19 киши каза болгон.


Этикеткалар: #Виктория көлүнө

Тектеш кабарлар