Столтенберг Түрки жана Эрдогандын ролуна токтолду

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг жолугушууларынын акыркы күнүндө TRT Хабер телеканалында маалымат берди.

1902561
Столтенберг Түрки жана Эрдогандын ролуна токтолду

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Түркия менен президент Режеп Таййип Эрдогандын ортомчулук ролун жана Кара деңиздеги дан коридору келишимине байланыштуу жасаган аракеттерин жогору баалагандарын айтты.

Столтенберг Түркиядагы жолугушууларынын акыркы күнүндө TRT Хабер телеканалында маалымат берди.  

Эрдоганды зыярат кылуу себебинин албетте маанилүү темаларды сүйлөшүү экенин белгилеген Столтенберг, Украинада 24 - февралдан бери уланып жаткан согушту сүйлөшкөндөрүн айтты.

Түркия менен президент Эрдогандын Россия - Украина согушунда маанилүү роль ойногондугун баса белгилеген Столтенберг : «Согуштун жаман кесепеттерин азайтуу үчүн Түркия тарабынан түзүлгөн дан коридору келишимине ортомчулук кылуу жана Украинанын эгиндерин бүткүл дүйнөгө экспорттоо маанилүү кадам болду жана Түркиянын канчалык маанилүү роль ойногонун көрсөттү. Биз Түркия менен Эрдоган мырзанын коридор келишиминдеги ортомчу ролун жана аракетине ыраазычылык билдиребиз»,- деди.

НАТОнун баш катчысы Россиянын өзөктүк согушта жеңүүчү болбой турганын жана Украина өзүн коргоого укуктуу экенин түшүнүшү керек деди.



Тектеш кабарлар